Жатаканада жашаган студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Студенттердин коопсуздугун камсыздоо жана ички тартипти чыңдоо максатында, университеттин жатаканасында жашаган студенттер менен атайын жолугушуу уюштурулду. Жыйында студенттерге жатаканада жашоо тартиби жана жүрүм-турум эрежелери кеңири түшүндүрүлдү.
Иш-чарага университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, доцент Назира Тилекова, техникалык коопсуздук, эмгекти коргоо жана жарандык коргоо бөлүмүнүн башчысы Мейражидин Егембердиев, ошондой эле жатакананын тарбиячысы, коменданты катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин өз ара сыйлашуусу, тазалыкты сактоосу жана тынчтыкты камсыздоосу катуу талап кылынды. Эгерде студенттер тарабынан кандайдыр бир тартип бузуулар орун алса, алар жатаканадан гана чыгарылбастан, окуудан дагы четтетилери өзгөчө эскертилди.
Жыйын суроо-жооб форматында уланып, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна тиешелүү жетекчилерден түз жооп ала алышты.


