Студенттерге “Дудук келин” аталышындагы спектакль коюлду

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Кыргызстанда жашаган этностордун эне тилин өркүндөтүү боюнча жана “21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө” карата жарыялаган бир айлык иш планынын алкагында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде студенттерге “Бабур” атындагы музыкалык драма театры менен биргеликте “Дудук келин” аталышындагы спектакль коюлду.
Бул иш-чарага Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, КӨЭАУнун ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев, Ош облусунун Мамлекеттик тил боюнча жетекчиси Алмагүл Тилекмановалар катышып, жамаатка ийгиликтерди каалашты жана куттуктоо сөздөрүн айтышты.