Бүгүн, 11-июнь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде билим берүү тармагындагы эң актуалдуу маселелерге арналган «Доор өзгөрткөн билим» аттуу ачык диалог жана ата-энелер форуму болуп өттү.
Форумга Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Ош шаарынын вице-мэри Масуда Айдарбекова, КӨЭАУнун ректорунун милдетин аткаруучу, профессор Аида Балтабаева, Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, Ош билим берүү институтунун директору Советбек Аматов, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов, ошондой эле билим берүү тармагынын адистери, эксперттер жана ата-энелер катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы билим берүү уюмдарында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн биринчи жылындагы жыйынтыктар чыгарылып, реформанын алкагында жетишилген ийгиликтер жана аткарылган иштер тууралуу кеңири маалымат берилди.
Мындан сырткары, жаңы 2026-2027-окуу жылына карата билим берүү тармагындагы негизги стратегиялык багыттар жана «Алтын Казык» программасынын алкагындагы пландар талкууланды.
Форумдун эң маанилүү бөлүгү катары ата-энелерди кызыктырган бардык суроолорго тиешелүү адистер жана эксперттер тарабынан түз жана ачык жооптор берилип, катышуучулар өз пикирлерин эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
«Доор өзгөрткөн билим» форуму билим берүү тармагындагы реформаларды коомчулукка кеңири түшүндүрүүгө, мамлекет менен ата-энелердин ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөгө жана сапаттуу билим берүүнү камсыздоого багытталган маанилүү аянтча болду.
Коммуникация жана медиа департаменти




