Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата иш чаралар пландалып өткөрүлүп жатат.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетининде Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө арналган бир жумалык иш чаралар пландалып өткөрүлүп жатат.
Жумалыктын биринчи күнүндө студенттер арасында “Айтматов ким экенин билесизби?”-деген онлайн сурамжылоо жүргүзүлдү.
Андан кийин Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштырылган адабий кечелер факультет, колледждерде студенттерге тартууланды.
Учурда китеп, сүрөт көргөзмөлөрү, дубал гезиттердин сынагы, интеллектуалдык оюндар уюштурулуп жатат.