Ноокаттын бүтүрүүчүлөрү КӨЭАУда — келечекке ишенимдүү кадам!

Ноокат районунун орто мектептеринин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине келип, окуу жайдын мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан таанышышты. Бул маанилүү жолугушуу “Билим кемеси” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, жаштарды туура кесип тандоого багыттоону көздөдү.
 Университетке болгон сапардын жүрүшүндө окуучулар заманбап материалдык-техникалык база менен таанышып, сапаттуу билим алуу үчүн түзүлгөн шарттарды өз көздөрү менен көрүштү.
Иш-чаранын экинчи бөлүгү эл аралык медициналык факультетте жана медициналык колледжде уланып, катышуучуларга атайын видеороликтер көрсөтүлүп, кесипке багыт берүүчү маалыматтык буклеттер таратылды.
 Жолугушууга кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Нурсеит Жунусов, факультеттин декандары жана колледж директорлору катышып, окуу процесси, адистиктер жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат беришти. Суроо-жооп форматындагы жандуу баарлашуу окуучулардын кызыгуусун арттырды.
 Ноокаттык жаштар үчүн бул сапар — өз келечегин аң-сезимдүү тандоого багыт берген маанилүү кадам болду. КӨЭАУ аларды кең мүмкүнчүлүктөрү менен күтөт!
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и больница
Возможно, это изображение один или несколько человек
Нет описания фото.