Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана жаш окумуштууларды колдоо багытындагы иш-чаралардын алкагында дагы бир маанилүү илимий жыйын өттү.
Инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультетинин «Табигый илимдер жана окутуунун усулу» кафедрасында биология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн даярдалган диссертациянын алдын ала талкуусу уюштурулду.
Алдын ала коргоодо диссертант Карабаев Жамшит Айыпович 03.02.08 – Экология адистиги боюнча жүргүзгөн илимий изилдөөсүнүн негизги жыйынтыктарын тааныштырды. Ал өз баяндамасында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн илимий жаңылыгына, практикалык маанисине жана алынган жыйынтыктардын актуалдуулугуна кеңири токтолду.
Жыйынга университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен катар өлкөнүн алдыңкы окумуштуулары катышып, диссертациялык ишке илимий баа беришти.
Катышуучулар изилдөөнүн мазмуну боюнча суроолорун берип, өз сунуш-пикирлерин билдиришти. Өзгөчө изилдөөнүн статистикалык иштетүү бөлүгүн мындан ары дагы өркүндөтүү жана илимий макалаларды республикалык, эл аралык деңгээлдеги басылмаларда жарыялоо боюнча сунуштар айтылды.
Диссертанттын илимий жетекчиси, биология илимдеринин доктору Токторалиев Биймырза Айткевич изилдөө ишинин деңгээлине жогору баа берип, анын илимий жактан жетилгендигин белгиледи.
Жыйындын соңунда кафедранын жалпы отуруму диссертациялык ишти тиешелүү диссертациялык кеңешке коргоого сунуштоо тууралуу чечим кабыл алды.
Коммуникация жана медиа департаменти



