Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 2026–2027-окуу жылына аспирантурага кабыл алуу экзамендери 1-октябрдан 9-октябрга чейин ийгиликтүү болуп өттү.
Кабыл алуу кампаниясынын алкагында талапкерлер адистик предметтер боюнча билим деңгээлин жана илим-изилдөө иштерине болгон даярдыгын көрсөтүштү. Экзамендик комиссиялардын курамына университеттин атайын илимий даражасы жана наамы бар көрүнүктүү окумуштуулары, профессор-окутуучулары тартылып, сынактар ачык-айкындуулук жана калыстык принциптеринин негизинде уюштурулду.
Сынактардын жыйынтыгы боюнча жогорку упай топтогон талапкерлер ректордун тиешелүү буйругу менен КӨЭАУнун аспирантурасына кабыл алынышты.



