Гапыр агай Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде конокто

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “АЭМ методу менен эффективдүү билим алуунун сырлары” деген темада семинар өттү.
Семинарды университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып берип, азыркынын Дүйшөнү атыккан Гапыр агайды элинин келечегине жан дили менен күйүп-жанып, өмүр жолун илим-билим дүйнөсүнө арнаганын айтып, өз кесибине ашкере берилген устаттын басып өткөн жолу жаштарга чоң өрнөк экенине токтолду.
Андан соң Гапыр агай семинардын ишин улантты. Семинарга Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын окутуучулары, студенттери катышып, өзгөчө таасир алып кетишти. Иш чара тарых-филология факультети тарабынан уюштурулду.