Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Медициналык факультети жана Медициналык колледжи жайгашкан №7 окуу имаратында Түркия Республикасынын тажрыйбалуу адистери тарабынан калкка медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Бейтаптарды физиотерапия жана реабилитация боюнча адис дарыгер Мурат Йигит кабыл алып, алардын ден соолук абалын баалап, тиешелүү консультацияларды жана сунуштарды берүүдө.
Иш-чарага Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы «100 Жыл» жеке ооруканасынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы, Чыгыш таануу илимдеринин доктору Кудурет Артыкбаев да катышып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана медициналык тажрыйба алмашуу багытында өз салымын кошууда.
Бул иш-чара Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Медициналык колледжинин директору Талипов Насир Төлөшовичтин колдоосу менен уюштурулду.
Медициналык колледждин окутуучусу, саламаттыкты сактоонун мыктысы Касымбекова Айгүл Аскарбековна түрк адистери менен биргеликте иш алып барып, ассистент катары бейтаптарды кабыл алуу жана уюштуруу иштерине активдүү катышууда.
Бул саамалык университеттин эл аралык байланыштарын чыңдоого, медициналык тажрыйба алмашууга жана калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.
