Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин билим берүү инновациялары колледжи жана медициналык колледжи өлкө боюнча жүргүзүлгөн улуттук рейтингде жогорку көрсөткүчтөргө жетишти.
Медициналык колледж институционалдык аккредитация боюнча медициналык колледждер арасында 2-орунду ээледи. Ал эми «Медайым иши» адистиги программалык аккредитацияда 1-орунду багындырды.
Ошондой эле Билим берүү инновациялары колледжи институционалдык аккредитация боюнча өлкөдөгү жалпы колледждердин ичинен алдыңкы 10дукка кирди жана «Башталгыч класстарды окутуу» адистиги программалык аккредитацияда 2-орунду ээледи.
Бул ийгиликтер – университеттин билим берүү сапатын жогорулатууга, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого багытталган туруктуу иш-аракеттеринин жыйынтыгы.
Белгилей кетсек, рейтинг жүргүзүү иштери 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий планына киргизилген. Анын негизги максаты – жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарын эл аралык рейтингдерге даярдоо болуп саналат.
2024-жылы жогорку окуу жайлардын биринчи улуттук рейтинги жарыяланган болсо, 2026-жылы көз карандысыз аккредитация, рейтинг жана тастыктоочу институттун колдоосу менен орто кесиптик билим берүү уюмдарынын II улуттук рейтинги жарыяланды.
Бул рейтингдин жыйынтыктары билим берүү уюмдарына өз ишмердүүлүгүн талдоого алып, өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жана сапатты мындан ары жакшыртууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
Коммуникация жана медиа департаменти




