КӨЭАУ «EDSTEM» ЭЛ АРАЛЫК ДОЛБООРУН ИЙГИЛИКТҮҮ ИШКЕ АШЫРУУДА

Евразия-Тынч океан университеттер тармагы Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда көп тараптуу академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык платформа болуп саналат.
Аталган программанын алкагында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Австриянын Зальцбург университети координаторлук кылган «Education for Digital and STEM Competences» (EdSTEM) аттуу эл аралык долбоордун жеңүүчүсү болуп табылган.
Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө Евразия-Тынч океан университеттер тармагынын өкүлдөрү менен бир катар жумушчу жолугушуулар жана талкуулар өткөрүлдү. Анын ичинде EPUнун өкүлү, доктор Шахноваз менен жолугушуулар уюштурулуп, долбоордун учурдагы абалы жана алдыдагы милдеттери кеңири талкууланды.
Жолугушууда EdSTEM долбоорун натыйжалуу ишке ашыруу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, өнөктөш университеттер ортосундагы байланыштарды чыңдоо, ошондой эле билим берүү жана илим тармагындагы жаңы эл аралык демилгелерге биргелешип катышуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Бул кызматташтык университеттин эл аралык аброюн жогорулатууга, заманбап билим берүү технологияларын жайылтууга жана санариптик жана STEM-компетенцияларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение помост, отдел новостей и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и отдел новостей
Возможно, это изображение отдел новостей и текст "Y ydykov 368K38 APAЛblE I"