Кыз-жигиттин айтышы Сармерден

2024-жылдын 4-апрель күнү, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдык юбилейине карата табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенттери тарабынан «Кыз-жигит сармерден» оюн-зоок кечеси болуп өттү.
Кечеге КӨЭАУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Токтосунович, илим жана инновация боюнча проректору Медербек Марипжанович катышты.
Сармерден оюнунда кыздар менен жигиттер арасында Манас айтуу, обондуу ырларды ырдоо, бий бийлөө, жаңылмач, макал-лакап, табышмак айтуу менен коштолду. Сахнага чыккан ар бир студент өз өнөрлөрүн жогоркуу дэңгээлде көргөзүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулап, кызуу кол чабуулар менен коштолду.
Факультеттин деканы Жумагүл Кеңешовна сармерденге катышкан студенттерге, КӨЭАУнун жетекчилерине жана көрүүчүлөргө ыраазычылык билдирди.