Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Алтынбек Зулпукаров, университеттин тышкы байланыштар департаментинин директору, медицина илимдеринин кандидаты Чыңгыз Мамажакып уулу жана юридикалык-экономикалык факультетинин окутуучусу Кубат Кочкоров 17-июль күнү Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарындагы Борбор Азия медицина университетине расмий иш сапары менен барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө КӨЭАУ менен Борбор Азия медицина университетинин ортосунда эки тараптуу кызматташтык тууралуу меморандум түзүлдү. Документке КӨЭАУнун ректору Алтынбек Зулпукаров жана Борбор Азия медицина университетинин ректору Нурулло Мамасадиков кол коюшту.
Жолугушууда эки жогорку окуу жайдын ортосунда академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, студенттер менен окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана медициналык билим берүү багытындагы жаңы долбоорлорду ишке ашыруу маселелери кеңири талкууланды.
Белгилей кетүүчү жагдай, бул саамалык Алтынбек Зулпукаровдун Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору катары жасаган алгачкы чет өлкөлүк иш сапары жана алгачкы эл аралык кызматташтык меморандумуна кол коюшу болуп саналат.
Бул кадам университеттин эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө, билим берүү, илим жана медицина тармагындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган маанилүү окуя болуп эсептелет.


