Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин юридика-экономика факультетинин окутуучусу Абдижапарова Эркайым 5–12-апрель күндөрү Армения Республикасында өткөн эл аралык тажрыйба алмашуу сапарына катышып келди.
Аталган иш сапар инклюзивдүү саясий процесстерди колдоого багытталып, “ДИА” коомдук фонду жана БУУнун Тынчтык куруу фондунун колдоосу алдында IDem долбоорунун алкагында ишке ашырылды.
Делегациянын курамына ар түрдүү социалдык топтордон келген жаштар, жарандык коом өкүлдөрү жана менталдык саламаттык тармагындагы адистер кирди.
Сапардын жүрүшүндө катышуучулар Армениядагы алдыңкы эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышты. Алардын катарында Armenian Progressive Youth, Eurasia Partnership Foundation, Кызыл Крест жана UNICEF Armenia сыяктуу уюмдар бар.
Ошондой эле Армения Республикасынын Эмгек жана социалдык маселелер министрлигинде жолугушуу өткөрүлүп, өлкөнүн социалдык саясаты жана мамлекеттик деңгээлдеги долбоорлор тууралуу кеңири маалымат алынды.
Мындан тышкары, делегация Гюмри шаарына барып, Жаштар демилге борборунун иши менен таанышып, жергиликтүү жаштар менен түз баарлашуу жүргүздү.
Бул жолугушуулар катышуучулар үчүн жаңы идеяларды жаратып, өз өлкөсүндө колдонууга ылайыктуу практикалык тажрыйбаларды өздөштүрүүгө шарт түздү жана жарандык активдүүлүгүн арттыруу, тынчтыкты бекемдөө жана менталдык саламаттыкты колдоо багытында маанилүү билим жана тажрыйба болуп калды.
Мындай эл аралык кызматташтык келечекте жаңы долбоорлорду ишке ашырууга жана өлкөлөр ортосундагы байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.
Коммуникация жана медиа департаменти




