Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинде мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу жана анын илим-билим берүүдө кеңири колдонулушун камсыз кылуу максатында уюштурулган тил жумалыгы жыйынтыкталды.
Мамлекеттик тил жумалыгын жыйынтыктоочу иш-чарага университеттин окуу иштери боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева, илим жана инновациялар боюнча проректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Алмаз Атабеков, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.к. Назира Тилекова, КӨЭАУнун бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев, тарых-филология факультетинин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты.
Тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасы өткөргөн жумалыктын алкагында буга чейин автордук ырлар сынагы, «Иш кагаздарды жазуу эрежелери» аттуу семинар, ачык жана куратордук сабактар, тегерек стол уюштурулган.
Жыйынтыктоочу кечеде автордук ырлар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылып, майрамдык салтанат мамлекеттик тилди даңазалаган концерттик программа менен коштолду.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жаштардын кыргыз тилине болгон кызыгуусун арттырып, чыгармачылыгын колдоп, таланттарын ачууга жана мекенчилдик сезимин бекемдөөгө багытталган.
Коммуникация жана медиа борбору




