Все новости   →

Билим күнү белгиленди

Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстандын бардык билим берүү уюмдарында майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Анын катарында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 2026–2027-окуу жылынын башталышына карата Билим күнү салтанаттуу белгиленип, студенттерди жаңы окуу жылында расмий тосуп алуу аземи өттү.
Майрамдык салтанат университеттин 3 окуу имаратында уюштурулду.
Иш-чарага университеттин ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Зулпукаров Алтынбек Зулпукарович жана профессордук-окутуучулар курамы катышып, студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.
Ректор өз сөзүндө студенттерди сапаттуу билим алууга, илимге умтулууга, демилгелүү жана активдүү болууга чакырып, жаңы окуу жылында ийгиликтерди жана чоң жетишкендиктерди каалады.
Коммуникация жана медиа бөлүмү
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст "RGYZ RGYZ-UZBEK UZBEK TERNATIONAL UNIV"
Возможно, это изображение толпа
Нет описания фото.
Нет описания фото.
Нет описания фото.