Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучулары жаштарды туура кесип тандоого багыттоо максатында Кара-Кулжа районунда кеңири кесипке багыттоо иш-чараларын өткөрүштү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө мектеп окуучуларына университетте жана колледжде сунушталган адистиктер, окуу мүмкүнчүлүктөрү, заманбап шарттар жана келечектеги кесип тандоонун мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.
Ошондой эле окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышып, алдыдагы максаттарын аныктоого багыт алышты.
КӨЭАУнун окутуучулары тарабынан уюштурулган мындай иш-чаралар аймактардагы жаштарга чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алардын билим алууга болгон кызыгуусун арттырууда.
Кесипке багыттоо иштери мындан ары да улантылып, өлкөнүн ар кайсы аймактарында активдүү жүргүзүлөт.
Коммуникация жана медиа департаменти




