Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине Вашингтон университетинин окутуучусу Мэдисон Брамбо иш сапары менен келди. Конокту университеттин ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Алтынбек Зулпукаров жана Эл аралык байланыштар департаментинин директору, доцент Чыңгыз Мамажакып уулу тосуп алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү жана илимий байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Ошондой эле семинардын алкагында аутизм спектриндеги өзгөчөлүгү бар балдар жана алардын ата-энелери үчүн акысыз окуу курстары уюштурулат. Сабактардын жүрүшүндө ата-энелерге балдардын өнүгүүсүн колдоо, күнүмдүк турмушта натыйжалуу ыкмаларды колдонуу жана адистер менен кызматташуу боюнча практикалык билимдер берилет.
Бул демилге стартап долбоорунун алкагында Эл аралык байланыштар жана инвестициялар бөлүмүнүн жетекчиси Шарапат Нармирзаева жана Гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы Жаңыл Айтышеванын демилгеси менен ишке ашырылууда.




