Душанбе шаарында өткөн «Келечектин университеттери: жашыл, санарип, акылдуу» аттуу Эл аралык ректорлор саммитине жана «Борбор Азия+ ректорлор клубу» платформасынын 7-жыйынына Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков катышып келди.
Аталган иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана өнөктөш мамлекеттердин алдыңкы университеттеринин жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана билим берүү тармагындагы эксперттер катышып, жогорку билим берүүнүн келечеги, туруктуу өнүгүү, жашыл экономика жана санариптик трансформация маселелерин талкуулашты.
Саммиттин алкагында университеттерди «жашыл» өнүктүрүү боюнча мыкты тажрыйбалар, энергияны үнөмдөө, экологиялык жоопкерчилик, билим берүү системасына санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти интеграциялоо маселелери каралды. Ошондой эле университеттердин туруктуу өнүгүү көрсөткүчтөрүн баалоо боюнча эл аралык рейтингдин жаңы ыкмалары сунушталды.
Ал эми «Борбор Азия+ ректорлор клубунун» жыйыны стратегиялык диалог форматында өтүп, аймактагы эмгек рыногунун өзгөрүшү, келечектеги кесиптер, билим берүү моделдерин жаңылоо, инновация жана өндүрүштөгү университеттердин ролу сыяктуу маанилүү маселелерге көңүл бурулду.
Иш-чаранын алкагында КӨЭАУнун ректору Абдилбает Мамасыдыков Тажикстандын Туризм жана ишкердик эл аралык университетинин ректору Асрорзода Убайдулло Саттор менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, жогорку билим берүү, илимий изилдөө жана академиялык мобилдүүлүк багыттарында кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду.
КӨЭАУнун ректору Абдилбает Мамасыдыков мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар университеттер аралык кызматташууну чыңдоого, жаңы билим берүү ыкмаларын өздөштүрүүгө жана аймактагы жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
Иш сапардын алкагында бир катар чет өлкөлүк университеттер менен тажрыйба алмашуу, келечектеги кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Коммуникация жана медиа департаменти




