Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган парламенттик делегация Кырчын жайлоосунда болуп, эл аралык деңгээлде уюштурулуп жаткан улуттук оюндардын жана маданий сынактардын жүрүшү менен таанышты. Спикер баштаган депутаттар тобу жайлоо төрүндө кызуу өтүп жаткан аркан тартыш, кол күрөш сыяктуу спорттук таймаштарга, ошондой эле нукура каада-салттарды даңазалаган ордо оюнуна жана «Сармерден» маданий-сынак программасына күбө болуп, катышуучуларга колдоо көрсөтүштү.
Андан соң Төрага баштаган эл өкүлдөрү Кырчындагы «Ош шаарынын Ордосуна» атайын барып, ал жердеги жасалгалар, көргөзмө-жарманкелер жана маданий программалар менен таанышты.
Бул тарыхый салтанатта конокторду тосуп алуу, кыргыздын ак дасторконун жайып, ата-бабадан калган меймандостук салтын эл аралык деңгээлде даңазалоо багытында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети (КӨЭАУ) да өзүнүн салмактуу салымын кошууда.
Парламент жетекчилиги ордодогу улуттук баалуулуктардын чагылдырылышына жана меймандостук маданиятына жогорку баасын берип, билим берүү менен улуттук рухту айкалыштырган иштерге өзүнүн ак батасын берди.
Коммуникация жана медиа департаменти






