«Мамлекеттик тил – улуттун уңгусу» аттуу жумалыктын ачылышы болуп өттү

21-сентябрда, КӨЭАУнун билим берүү инновациялары колледжинин педагогикалык сабактар бирикмеси тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата «Мамлекеттик тил – улуттун уңгусу» аттуу жумалыктын ачылыш аземи өткөрүлдү.
Иш-чараны билим берүү инновациялары колледжинин директору, ф-м.и.д. Абдуллаева Чолпонай Хабибуллаевна сөз сүйлөп, расмий түрдө ачып берди.
Ачылыш аземине колледждин жалпы жамааты жана студенттери активдүү катышып, мамлекеттик тилдин мааниси, улуттук баалуулуктар жана кыргыз тилин өнүктүрүү тууралуу пикирлер айтылды.
Жумалыктын алкагында студенттердин кыргыз тилине болгон кызыгуусун арттырууга жана тил маданиятын өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.
«Тил бар жерде – улут бар!»
Возможно, это изображение один или несколько человек, помост и текст
Нет описания фото.
Возможно, это изображение текст