Сый-урмат, жоопкерчилик жана зомбулуксуз коом — жаштардын тандоосу!

2026-жылдын 28-октябрында Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде «Эркектердин маеги: урмат-сый, жоопкерчилик жана зомбулуктун алдын алууда жигиттердин ролу» аттуу жаштар конференциясы өттү.
Иш-чарага университеттин окуу иштери боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Балтабаева Аида Тынайбековна, «Үй-бүлөнү пландаштыруу альянсы» коомдук фондунун директору Бозгорпоева Бактыгүл Батталовна, юридика-экономика факультетинин деканы, ю.и.д. Алмагүл Көкөева жана механика, энергетика жана дизайн кафедрасынын доценти Дилишатов Өскөнбай Ураимович катышты. Алар куттуктоо сөздөрүндө жаштар арасында сый-урматты, теңдикти жана жоопкерчиликти калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар зомбулуктун алдын алуу, интернеттеги коопсуздук, гендердик стереотиптер жана сергек мамилелер тууралуу талкуу жүргүзүштү. Студенттер командаларга бөлүнүп, видеороликтерди, плакаттарды жана социалдык демилгелерди даярдоо аркылуу өз идеяларын сунушташты.
Конференция жаштардын коомдук жоопкерчилигин жогорулатууга, өз ара сый-урматты бекемдөөгө жана зомбулуксуз жашоо маданиятын жайылтууга багытталды.
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся, отдел новостей и текст
Нет описания фото.