Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжи тарабынан уюштурулган колледждер аралык олимпиадада Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Билим берүү инновациялары колледжинин Чет тилдер бирикмесинин студенттери мыкты жыйынтык көрсөтүштү.
Аталган билим таймашы орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн лингвистика багытындагы 2- жана 3-курс студенттери (pre-intermediate – intermediate деңгээли) арасында «Негизги чет тили» (англис тили) дисциплинасы боюнча өткөрүлдү. Олимпиада жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар өз билимдерин жана тилдик жөндөмдөрүн сынашты.
Жыйынтыгында, КӨЭАУнун студенттери: Каримджанова Гавхарой — 1-орун
Рахматуллаев Абдулмухсин — 3-орунду ээледи.
Бул жетишкендик студенттердин талыкпас эмгегинин жана окутуучулардын сапаттуу билим берүүсүнүн жыйынтыгы болуп саналат.
Коммуникация жана медиа департаменти



