Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары” илимий-изилдөө борбору тарабынан университет жарыялаган илимий долбоорлор сынагына катышуу максатында “Мугалимдер үчүн санариптик педагогика: онлайн жана гибриддик окутууда заманбап инструменттерди колдонуу” деген темада тегерек стол уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары илимий-изилдөө борборунун директору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмери Топчубай Исаков санариптик педагогика боюнча даярдалып жаткан илимий долбоор – окутуунун мазмунун, ыкмаларын жана формаларын заманбап технологиялар менен интеграциялоо аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган илимий-практикалык багыт экендигин белгиледи.
Тегерек столдун негизги максаты — мугалимдер үчүн онлайн жана гибриддик окутууда санариптик педагогиканын негизинде заманбап инструменттерди колдонуу механизмдерин иштеп чыгуу жана алардын натыйжалуулугун илимий негизде далилдөө болду.
Иш-чаранын алкагында санариптик педагогиканын теориялык негиздери, онлайн жана гибриддик окутуунун өзгөчөлүктөрү, санариптик платформалардын мүмкүнчүлүктөрү жана мугалимдердин санариптик компетенттүүлүгү жөнүндө баалуу маалыматтар айтылып, практикалык методикалык сунуштарды иштеп чыгуу демилгеси көтөрүлдү.
Тегерек столго жогорку окуу жайлардын окутуучулары, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов баштаган мектеп мугалимдери, бала бакча тарбиячылары, методисттер, билим берүү тармагындагы адистер, ошондой эле ата-энелер катышып, тажрыйба алмашуу жана заманбап билим берүү маселелери боюнча активдүү пикир алышуу жүргүзүштү.
Бул иш-чара билим берүү системасын санариптештирүүдө мугалимдердин ролун күчөтүп, жаңы методдорду практикада колдонууга өбөлгө түздү.
Коммуникация жана медиа департаменти



