«ОКУУ НАТЫЙЖАЛАРЫН ТҮЗҮҮ ЖАНА АЛАРДЫН ОКУУ ПРОЦЕССИН КУРУУДАГЫ РОЛУ» ТРЕНИНГИ

Кечээ, 28-ноябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Окуу натыйжаларын түзүү жана алардын окуу процессин куруудагы ролу” аталышында тренинг болуп өттү.
Аталган тренингди Ednet агенттигинин эң мыкты эксперти жана тренерлеринин бири, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары, Жогорку билим берүү жана сапатты камсыздоо системалары боюнча эксперт Омуров Нурлан Кубатович өтүп берди.