Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу Ош облусунда эмгектенип жаткан мекендештер үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө өткөрдү.
Тестирлөө университеттин жаңыдан ачылып, пайдаланууга берилген “Санариптик укук жана экономика” мультимедиалык борборунда жогорку деңгээлде уюштурулду.
«Кыргызтест» мекемесинин өкүлдөрү окуу жайдын материалдык-техникалык базасына жогору баа берип, түзүлгөн заманбап шарттар үчүн университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыковго терең ыраазычылык билдиришти.
Белгилей кетсек, аталган борбор студенттердин билим сапатын жогорулатуу менен катар, жалпы республика боюнча билим берүү тармагына олуттуу салым кошо турган заманбап аянтча болуп саналат.
Бардык каалоочуларды мамлекеттик тил боюнча тест тапшырууга чакырабыз!
Коммуникация жана медиа департаменти



