Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети менен Өзбекстан Республикасынын Наманган мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында академиялык мобилдүүлүк программасы ийгиликтүү ишке ашууда.
Университеттин Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев, Магистратура бөлүмүнүн башчысы, п.и.к. Назира Тилекова, Эл аралык медицина факультетинин деканы, б.и.д., профессор Жыргал Самиева баштаган профессордук-окутуучулар курамы, магистранттар жана студенттер 10–11-апрель күндөрү Наманган мамлекеттик университетине иш сапары менен барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө делегация кабыл алуучу окуу жайдын түзүмү, 16 факультет жана 46 кафедрадан турган билим берүү системасы, ошондой эле Дене тарбия, Биотехнология жана Медицина факультеттеринин заманбап материалдык-техникалык базасы менен кеңири таанышышты. Алар спорттук аянтчаларды, күрөш залдарын, окуу жана илимий лабораторияларды, гербарий жана нымдуу препараттар сакталган кааналарды көрүп чыгышты.
Медицина факультетинде Кыргызстандан барып билим алып жаткан студенттер менен жолугушуу уюштурулуп, алардын окуу шарттары жана жетишкендиктери тууралуу пикир алышуу болду.
Ошондой эле эки университеттин окутуучулары тарабынан конок лекциялар өткөрүлдү. Профессор Жыргал Самиева «Экология жана адам ден соолугу: экологиялык оорулар» темасында мазмундуу баяндама жасап, студенттер менен практикалык тапшырмалардын негизинде иш алып барды. Доцент Назира Тилекова жана башка окутуучулар да өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Эл аралык медицина факультетинин студенттери «Мен — келечектеги дарыгер» аттуу презентация жасап, улуттук маданиятты жайылтуу максатында боорсок жасоо боюнча мастер-класс көрсөтүштү.
Делегация ошондой эле университетте ишке ашырылып жаткан инновациялык жана өндүрүштүк долбоорлор менен таанышты. Алардын катарында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашкан «Аквакультура» долбоору, USAID фонду тарабынан каржыланган окуу-өндүрүш борбору жана университеттин өз каражаттарынын эсебинен түзүлгөн «НамДУ Инновация-2022» ишканасы бар. Бул долбоорлор билим берүү, илим жана өндүрүштү айкалыштырып, студенттер үчүн практикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.
Жыйынтыгында тараптар биргелешкен илимий-билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишти.
Бул иш сапар КӨЭАУ менен Наманган мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү кадам болуп, катышуучулар үчүн баалуу тажрыйба жана жакшы таасир калтырды.
Коммуникация жана медиа департаменти


