Кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, сынчы-адабиятчы, акын Салижан Жигитовдун туулгандыгынын 90 жылдыгына карата “Эл аралык Салижан Жигитов жана адабият симпозиуму” Бишкек шаарында 9–10-апрель күндөрү ийгиликтүү өттү.
Аталган симпозиум Кыргыз-Түрк Манас университетинин Адабият факультетинин Түркология бөлүмүнүн демилгеси менен ТҮРКСОЙ, Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен биргеликте уюштурулду.
Эки күнгө созулган илимий иш-чаранын алкагында Салижан Жигитовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган даректүү тасма көрсөтүлүп, пленардык жыйында ар кайсы өлкөлөрдөн келген окумуштуулар анын адабий мурасын кеңири талкуулашты.
Симпозиумда белгилүү илимпоздор жана акын-жазуучулар — Кыяс Молдокасымов, Каныбек Иманалиев, ошондой эле акындар жана адабиятчылар С.Жигитовдун кыргыз маданиятындагы орду, анын руханий баалуулуктарга кошкон салымы жана чыгармачылык дүйнөсүнүн тереңдиги тууралуу мазмундуу баяндамаларды жасашты. Анын көп кырдуу интеллектуал, терең ойчул жана адабияттын өнүгүшүнө чоң салым кошкон инсан экендиги өзгөчө белгиленди.
Иш-чарага КӨЭАУнун тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Б.Исмаилова, филология илимдеринин кандидаты, доцент С.Жусуева жана аспирант-окутуучу С.Исмаилова катышып, секциялык отурумда ойчул акын жана окумуштуу С.Жигитовдун чыгармаларын талдоо ыкмалары, мифология жана фольклор, “Манас” эпосунун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле кыргыз жана түрк дүйнөсүнүн адабий байланыштары боюнча сөз сүйлөштү.
Мындай эл аралык симпозиум илимий жана адабий чөйрөлөрдүн кызматташтыгын бекемдеп, улуттук адабиятты жаңы көз карашта изилдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Коммуникация жана медиа департаменти



