КӨЭАУнун окутуучулары кесипке багыт берүү иштерин кызуу улантууда

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучулары Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын, Шамалды-Сай шаарчасынын жана Аксы районунун мектептеринде 9- жана 11-класстын окуучулары үчүн кесипке багыт берүү иштерин активдүү жүргүзүп жатышат.
Иш-чаралардын алкагында окуучулар үчүн заманбап темалар боюнча мазмундуу жолугушуулар уюштурулуп, өзгөчө жасалма интеллект багытында кызыктуу мастер-класстар өтүлдү. Анда жаңы технологиялар, алардын мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги ролу тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
Ошондой эле абитуриенттерди үгүттөө иштери жүргүзүлүп, ваучердик каржылоо системасы боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Университеттин адистиктери, окуу шарттары, заманбап инфраструктурасы жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалыматтар жеткирилди.
Бул сыяктуу иш-чаралар окуучулардын келечектеги кесип тандоосуна туура багыт берип, алардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана жогорку окуу жайга болгон кызыгуусун арттырууга чоң салым кошууда.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся, больница и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся, стол, больница и текст