Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева жана Эл аралык байланыш департаментинин директору Чыңгыз Мамажакып уулу Бириккен Улуттар Уюмунун гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын кеңейтүү боюнча Кыргызстандагы өкүлү, юридика илимдеринин доктору, профессор Сейед Садикти кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө гендердик зомбулуктун алдын алуу,
аялдардын укуктарын коргоо, жаштар арасында маалымдуулукту жогорулатуу,
ошондой эле университет менен эл аралык уюмдардын кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды.
Проректор Аида Балтабаева университет тараптан бул багыттагы демилгелерди колдоого жана бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле коноктордун саламы университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыковго жеткирилери белгиленди.
Жолугушууда «Аялдарга жана кыздарга каршы зомбулуксуз коом» (Zero VAWG) программасынын алкагындагы иштерге өзгөчө көңүл бурулуп, анын жаштар компонентин ишке ашыруу боюнча тажрыйбалар каралды.
Белгилүү болгондой,
долбоордун алкагында 34 айылда окутуулар өткөрүлүп,
аялдар жана жаштар жетектеген уюмдардын потенциалы жогорулатылган,
студенттерге укуктук билим берүү жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүү багытында иш жүргүзүлгөн.
Программа аркылуу студенттер, атайын сертификаттарга ээ болуп, келечекте стажировка жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет, өз коомдорунда зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат таратуучу активдүү лидерлерге айланышат.
Учурда 3020 студенттин ичинен активдүү жаштар коомдук өзгөрүүлөргө салым кошуп, лидерлик жана жоопкерчилик сапаттарын өнүктүрүп жатышат.
Коммуникация жана медиа департаменти



