КӨЭАУ окутуучулары Кокон университетинин Андижан филиалында тажрыйба алмашуу иш-чарасын өткөрдү

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин окутуучулары Өзбекстандагы Кокон университетинин Андижан шаарындагы филиалында иш сапары менен болуп, тажрыйба алмашуу жана академиялык кызматташууну кеңейтүү багытында маанилүү иштерди жүргүзүп келишти.
Иш сапардын алкагында окутуучу Кабилова Жамила «Альфа муундарынын психологиялык өзгөчөлүктөрү» деген темада, п.и.к., доценттин м.а. Усарова Гүлбахар «Кыргыз жана өзбек элдик оозеки чыгармачылыгын интеграциялап окутуу» темада жана окутуучу Хажаева Кандилай «Башталгыч класстарды окутууда сингапурдук методдорду колдонуу өзгөчөлүгү» деген темада конок лекцияларын өтүштү.
Мындан сырткары, ПМНО-1-22 тайпасынын студенттери педагогика жана психология багытындагы тайпаларга катышып, окуу процессине активдүү күбө болушту.
Ошондой эле делегация Кокон университетинин заманбап электрондук китепканасы жана техникалык базасы менен таанышып, билим берүү чөйрөсүндөгү алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүштү.
Бул сапар эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга чоң салым кошот.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст "QABULXONA QABU 110 @ e hếyé Butterflg"
Возможно, это изображение один или несколько человек