Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерге арналган мазмундуу тегерек стол болуп өттү.
Иш-чараны окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева ачып, билим берүү системасын жаңылоонун маанисине кеңири токтолду. Ал мугалимдик кесиптин коомдогу өзгөчө ордун баса белгилеп, педагогдор үчүн түзүлүп жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди.
Тегерек столдун жүрүшүндө Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов билим берүү тармагындагы реформалар, айрыкча ЖОЖдор менен мектептердин интеграциясы боюнча мазмундуу баяндама жасады.
Ошондой эле К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Аскарбек Иманбаев жетектеген профессордук-окутуучулар курамы онлайн форматта катышып, өз пикирлери менен бөлүшүштү.
Иш-чара офлайн жана онлайн форматта өтүп, ага ЖОЖ окутуучулары, мектеп мугалимдери, бала бакча тарбиячылары, методисттер, магистранттар, иш берүүчүлөр жана ата-энелер активдүү катышты.
Катышуучулар заманбап билим берүү моделдерин, инновациялык ыкмаларды жана санариптештирүү маселелерин талкуулап, өз ара тажрыйба алмашышты.
Жыйынтыгында “ЖОЖ – мектеп – бала бакча” системасынын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу, билим сапатын жогорулатуу жана келечек муунду даярдоодо интеграцияны күчөтүү боюнча маанилүү сунуштар айтылды.
Иш-чаранын алкагында факультеттин кафедра башчылары: Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү усулу кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмери Топчубай Исаков, Дене тарбиянын теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы, п.и.к. Нурлан Матазимов, «Педагогика жана психология» кафедрасынын башчысы, п.и.к. Уларкан Акматовалар өздөрүнүн жетишкендиктери жана жүргүзүп жаткан иш-аракеттери тууралуу маалымат беришти.
Жыйынтыгында факультеттин деканы, п.и.к., доцент Жаңыл Айтышова бардык катышуучуларга терең ыраазычылык билдирип, иш-чараны жыйынтыктады.
Мындай жолугушуулар билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жаңы дем берип, келечек муундун сапаттуу билим алуусуна өбөлгө түзөт.
Коммуникация жана медиа департаменти





