КӨЭАУ студенттери Евразиялык жайкы мектепке ийгиликтүү катышышты

2026-жылдын 14–17-апрель күндөрү М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин базасында Евразиялык тармактык университеттин жайкы мектеби экинчи ирет ийгиликтүү өткөрүлдү.
Аталган эл аралык билим берүү иш-чарасына Батырaлы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин юридика-экономика факультетинин 4-курсунун студенттери: Этемберди уулу Каныбек жана Асылбекова Анэлим катышып, тажрыйба топтоп кайтышты.
Жайкы мектеп Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы университеттеринин студенттерин бириктирген уникалдуу аянтча болуп, катышуучуларга интеграциялык процесстер боюнча терең билим алууга, эл аралык командада иштөөгө жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түздү.
Программанын алкагында «Бизнес-Аксиома» ишкердик оюну, «ЕАЭБ модели» стратегиялык модулу, Улуттук рыноктор, инвестициялык саясат жана тармактык өнүгүү боюнча талкуулар жүрүп, интеграциялык демилгелер жана кооперациялык долбоорлор сунушталды.
Ошондой эле «ЕАЭБ шартында бизнес жүргүзүү практикасы» аттуу эксперттик талкуу өткөрүлүп, ага бизнес өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана мамлекеттик органдардын адистери катышты.
Маданий программа алкагында студенттер Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы багыты боюнча экскурсияга чыгып, өлкөбүздүн жаратылышы менен таанышышты.
КӨЭАУ студенттеринин мындай эл аралык долбоорлорго активдүү катышуусу алардын кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, келечектеги ийгиликтерине бекем негиз болууда.
 Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение ‎один или несколько человек и ‎текст "‎разийский ский гевой иверситет СЕРТИФИКАТ ست 好 аманоа м N а‎"‎‎