Бүгүн Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде журналистика тармагында 43 жылдык бай тажрыйбасы бар белгилүү журналист, “Чоң-Алай жаңырыгы” гезитинин башкы редактору Патидин Ноомаев студенттер менен мазмундуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз филологиясы багытында билим алып жаткан студенттер үчүн “Публицистикалык стилде макала жазуунун сырлары” аттуу конок лекция уюштурулуп, анда устат журналист өзүнүн көп жылдык тажрыйбасы, журналистиканын татаал, бирок жоопкерчиликтүү жолдору тууралуу кеңири айтып берди.
Лекциянын алкагында журналисттик кесиптин өзгөчөлүктөрү, басма сөз тармагындагы кыйынчылыктар жана жоопкерчилик, чыныгы журналисттин принциптери жана баалуулуктары сыяктуу маанилүү темалар талкууланды.
Патидин Ноомаев студенттерди ар дайым изденүүгө, билимди тереңдетүүгө жана кесипке берилгендик менен мамиле кылууга чакырып, журналисттин негизги сапаттары — чынчылдык, калыстык жана жоопкерчилик экенин баса белгиледи.
Жолугушуу жандуу суроо-жооп форматында өтүп, активдүү катышкан студенттер устаттан баалуу китептерди белекке алышты.
Өз кезегинде КӨЭАУнун Коммуникация жана медиа департаментинин директору Тургунбай Алдакулов маңыздуу баяндамасы үчүн ардактуу конокко чакан китеп белекке тапшырды.
Мындай жолугушуулар келечектеги адистердин кесиптик калыптанышына чоң түрткү берери талашсыз.
Коммуникация жана медиа департаменти



