Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгынын алкагында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде маанилүү маданий иш-чара уюштурулууда.
Университеттин факультеттеринин жана колледждеринин профессордук-окутуучулар жамаатынын арасында өтө турган кароо-сынак — “Уңгу жол — муундардын ыр мурасы” — улуттук маданиятты сактоого, муундар ортосундагы руханий байланышты бекемдөөгө багытталган.
Окуу иштери боюнча проректор, профессор Аида Балтабаева жетектеген уюштуруу тобу тарабынан факультет, колледж жана административдик башкаруу кызматкерлеринин арасынан тандалган катышуучулар менен жолугушуу өткөрүлүп, сынактын тартиби аныкталып, чүчүкулак тартылды.
Иш-чара 19-май күнү Башкы корпустун маданий-эстетикалык комплексинде өтөт.
Бул кароо-сынак улуттук ыр мурастарын даңазалап, чыгармачылык демди арттырып, университет жамаатынын биримдигин чыңдайт.
Баарыңызды колдоо көрсөтүп, күбө болууга чакырабыз!
Коммуникация жана медиа департаменти



