Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар жамааты Жапалак аймагындагы №31 Курманжан Датка атындагы, №45 М. Мырзаев атындагы жана №48 орто мектептеринин бүтүрүүчүлөрү менен кесипке багыт берүү боюнча мазмундуу жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга университеттеги заманбап билим берүү программалары, эл аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү, окуу жайдын алдындагы колледждер жана кабыл алуу шарттары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча, студенттик жашоонун артыкчылыктары тууралуу суроо-жооп форматындагы жандуу баарлашуу бүтүрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратты.
Иш-чаранын жыйынтыгында көптөгөн бүтүрүүчүлөр КӨЭАУнун студенттери болууга кызыкдар экендиктерин билдирип, окуу жайга тапшырууга ниеттенишкенин белгилешти. Ошондой эле келечектеги абитуриенттерге университет тууралуу маалымат камтылган атайын буклеттер таратылды.
КӨЭАУ – сапаттуу билим, кең мүмкүнчүлүк жана ишенимдүү келечек!
Коммуникация жана медиа департаменти




