Ура! КӨЭАУнун кыздар командасы күмүш байгени жеңип алды!

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери арасында өткөрүлгөн волейбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды.
Аймактык деңгээлдеги бул спорттук иш-чарага Түштүк регионунун алдыңкы университеттеринин командалары катышып, кызыктуу жана атаандаштыкка бай оюндарды тартуулашты.
Жыйынтыгында, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кыздар курама командасы мыкты оюн көрсөтүп, финалга чейин ишенимдүү жетип барды. Чечүүчү беттеште татыктуу каршылык көрсөтүп, 2-орунду камсыздап, күмүш байгеге ээ болушту.
Мелдештин жүрүшүндө команда биримдикти, тактикалык даярдыкты жана жогорку чеберчиликти даана көрсөтө алды. Бул жетишкендик университет жамааты үчүн чоң сыймык болуп, студент кыздардын эмгегине жогору баа берилди.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение волейбол и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение волейбол и текст