КӨЭАУнун доценти Ош шаарындагы мектеп жетекчилери үчүн КАЙЗЕН ыкмасы боюнча усулдук семинарларды өткөрдү

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин доценти, техника илимдеринин кандидаты Өскөнбай Дилишатов тарабынан Ош шаарындагы орто мектептердин социалдык педагогдоруна, окуу бөлүмүнүн башчыларына, мектеп уюштуруучуларына жана директорлоруна арналган усулдук семинарлардын сериясы ийгиликтүү өткөрүлдү.
Семинарлар “Билим берүүнү – алууну башкарууда КАЙЗЕН япон ыкмасы” деген темада уюштурулуп, билим берүү процессин натыйжалуу башкаруунун заманбап ыкмалары кеңири талкууланды.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында мектеп бүтүрүүчүлөрүн туура кесипке багыттоо боюнча маанилүү маалыматтар берилди.
Кайтарым байланыш учурунда катышуучулар семинардын мазмуну терең, практикалык жактан пайдалуу жана маалыматка бай болгондугун белгилешип, уюштуруучуларга жана тренерге ыраазычылыктарын билдиришти.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст "T-"
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст