Ош шаарында Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясы жана шаар мэриясы тарабынан уюштурулган «Эмгек жана спорт» аттуу массалык марафон жогорку деңгээлде өттү.
Бул иш-чарага Ош шаарынын жана Ош облусунун билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышып, сергек жашоону жана коомдук биримдикти даңазалашты.
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар жамааты кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиевдин жетекчилиги алдында активдүү катышып, өздөрүнүн ынтымагын, жигердүүлүгүн жана спортко болгон кызыгуусун даана көрсөтүштү.
Катышуучулар 4,5 чакырым аралыкты ийгиликтүү чуркап өтүштү. Ошондой эле өзгөчө балдар үчүн өзүнчө жарыш уюштурулуп, бул иш-чаранын социалдык мааниси дагы бир ирет баса белгиленди.
Марафондун жүрүшүндө бардык катышуучуларга эстелик медалдар жана сертификаттар тапшырылып, концерттик программа тартууланды. Мындан тышкары, кызыктуу лотерея уюштурулуп, катышуучуларга майрамдык маанай тартуулады.
Иш-чара достук, ынтымак жана позитивдүү маанайда өтүп, коомдогу биримдиктин жаркын үлгүсүнө айланды.
Мындай демилгелер жарандардын ден соолугун чыңдоого, жаштарды спортко тартууга жана коомдук ынтымакты бекемдөөгө зор салым кошот.
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети уюштуруучуларга жогорку деңгээлдеги иш-чара үчүн терең ыраазычылык билдирет жана мындан ары да ушундай маанилүү демилгелерге активдүү катышууну улантат.
Коммуникация жана медиа департаменти





