Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жогорку кесиптик билим берүү программалары кезектеги көз карандысыз аккредитациядан өткөрүлдү
24–25- апрель күндөрү эксперттик комиссия университеттин 532000. Дене тарбия жана спорт жана 570700. Текстиль жана костюм искусствосу магистрдик программаларына ББПУАА тарабынан комплекстүү баа берилди.
Эксперттик комиссия тарабынан билим берүү программаларынын мазмуну, окутуунун сапаты, материалдык-техникалык базасы жана билим берүү процессинин натыйжалуулугу ар тараптуу талдоого алынды.
КӨЭАУ мындан ары да билим берүү сапатын жогорулатуу, эл аралык стандарттарга шайкеш келүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо багытында ишин улантат.
Коммуникация жана медиа департаменти





