КӨЭАУнун студенти — эл аралык беттештин “мыкты оюнчусу” аталды!

Кытайда өткөн волейбол боюнча эл аралык беттеште Кыргызстандын курама командасы Россияга каршы мыкты оюн көрсөтүп, 3:2 эсебинде жеңишке жетишти.
Бул маанилүү оюнда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенти Абдумомун уулу Ильяз (Азирет) өзгөчө чеберчилигин көрсөтүп, беттештин “мыкты оюнчусу” наамына татыды.
Ал оюн талаасында жогорку техникалык деңгээлди, так соккуларды жана туруктуу психологиялык даярдыкты көрсөтүү менен команданын жеңишине чоң салым кошту. Айрыкча чечүүчү мүнөттөрдө анын ишенимдүү оюну командага дем берип, жеңишке жеткирген негизги факторлордун бири болду.
9х9 форматында өткөн бул курч таймашта кыргызстандык волейболчулар күчтүү атаандашка карабай духун жоготпой, оюн нугун өз пайдасына бура алышты. Бул — командалык биримдиктин, кайраттуулуктун жана жеңишке болгон бекем ишенимдин айкын далили.
 КӨЭАУнун студентинин эл аралык аренада өлкө намысын татыктуу коргоп, өзгөчөлөнүшү — университет үчүн чоң сыймык!
 Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение волейбол и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение волейбол и текст
Возможно, это изображение волейбол и текст
Возможно, это изображение волейбол и текст