КӨЭАУнун студенти Мирзохид Имамназаров эл аралык рингде беттешке чыгат!

Бокс боюнча Даңк ордени кавалери Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган 49-эл аралык мелдеш өз ишин баштады. Аталган ири спорттук таймашка Россия, Беларусь, Кытай, Монголия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын курама командалары катышууда.
Бул абройлуу мелдеште Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенти, Кыргызстандын 4 жолку чемпиону, Д.Шопоков турниринин 3 жолку жеңүүчүсү, ошондой эле Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын күмүш медалынын ээси Мирзохид Имамназаров да күч сынашууда. Бул тууралуу Имамназаровдун машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Талантбек Арзиев билдирди.
Мирзохид буга чейинки жетишкендиктери менен эле эмес, рингдеги тайманбас мүнөзү жана жогорку чеберчилиги менен күйөрмандардын ишенимин арттырып келет.
 Университет жамааты Мирзохидге ийгиликтерди каалап, жеңиш менен кайтуусуна тилектештигин билдирет!
Коммуникация жана медиа департаменти
Нет описания фото.
Возможно, это изображение ‎текст "‎LNAN cn THΑ ΤΗΑ WONGSUWAN ا A‎"‎
Нет описания фото.