Практиканын жыйынтыгы — келечекке бекем кадам

КӨЭАУнун STEM колдонмо кесиптер колледжинде маалыматтык технологиялар, энергетика, транспорт жана жеңил өнөр жай бирикмесине караштуу адистиктердин 2–3-курс студенттеринин мамлекеттик жана окуу-өндүрүштүк практикасынын отчетторун кабыл алуу конференциясы ийгиликтүү өткөрүлдү.
Иш-чарага “Автоматташтырылган системалар жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо”, “Кийимдерди конструктордук моделдөө технологиясы”, “Электрдик камсыздоо (тармактар боюнча)” жана “Автомобиль транспортун тейлөө жана оңдоо” адистиктеринин студенттери катышып, өздөрүнүн практикалык иштеринин жыйынтыктарын сунушташты.
Конференциянын негизги максаты — студенттердин практика учурунда аткарган иштерин угуу, талдоо жана баалоо аркылуу алардын кесиптик даярдык деңгээлин аныктоо жана окуу процессин мындан ары өркүндөтүү болуп саналат.
Иш-чарага Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин педагогикалык эмес адистиктери боюнча практика жетекчиси Б.Абдуманнапов, колледждин директору т.и.к. З.Зулпуев, окуу иштери боюнча директордун орун басары т.и.к., доцент Г.Темиралиева жана окутуучулар курамы катышып, студенттердин жетишкендиктерине жогору баа беришти.
Студенттер өз отчетторун презентация форматында коргоп, практика учурунда колдонгон программаларын, аткарган иштерин жана топтогон тажрыйбаларын ишенимдүү жана мазмундуу баяндап беришти.
Ошондой эле практиканы мыкты деңгээлде уюштурган жетекчилерге ыраазычылык каттар тапшырылды.
Мындай иш-чаралар студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө бекем негиз түзөт.
 Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение помост и текст
Возможно, это изображение текст "Прар полатикав ктикав ATAKO КОБанке AKO Банке Повтасля,25 FINCA FINGK Баратоефирдавс баратавм Гупаншеров Билоллиди 1994"
Возможно, это изображение текст "ФИНКА БАН FINCA Bank Вокремел арс HEWE Адиннистрары АДМИНИСТРАЦИЯ ПРАКТИКИ г በ Практинант Практкент_барагов Баратов ФИрдавс Практикант AcapPeen Раниз Асадокр Аронистратфо"