КӨЭАУ студенти аймактык олимпиадада I орунду жеңип алды!

Ош шаарындагы «Мурас» инновациялык колледжинде 050709 «Башталгыч класстарда окутуу» адистиги боюнча студенттер арасында эне тили (кыргыз жана орус тилдүү тайпалар) предметинен колледждер аралык аймактык олимпиада болуп өттү.
Аталган билим таймашына шаардын 5 орто кесиптик окуу жайларынын студенттери катышып, өз билим деңгээлин жогорку деңгээлде көрсөтүштү.
 Билим берүү инновациялары колледжинин студенттери да активдүү катышып, мыкты жыйынтык жарата алышты. Айрыкча кыргыз тилдүү тайпалар арасында ПНК9-3-24 тайпасынын студенти Абибилла кызы Таттыгул мыкты көрсөткүчкө жетишип, I орунду багындырды.
Мындан тышкары, төмөнкү студенттер да олимпиадага катышып, жигердүүлүгүн көрсөтүштү:
Кыргыз тилдүү тайпалар: Абибилла кызы Таттыгул, Арзымаматова Асема.
Орус тилдүү тайпалар: Майрамбек кызы Кызжибек, Таймусаева Курманжан,
Махамадова Муслима.
Студенттерди даярдаган окутуучулар:
Осмонова Ж.Р., Тойчуева Т.А., Байиева Б.А.,
Анарбаева Г.Т., Айдаралиева Ч.А.
Бул ийгилик – студенттердин талыкпас эмгегинин жана окутуучулардын кесипкөйлүгүнүн жыйынтыгы.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текстВозможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст