КӨЭАУда аспиранттарга сертификаттар тапшырылды

27-апрель күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде аспирантуранын бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Иш-чарага жетекчилик курам, илимий бөлүмдүн өкүлдөрү, профессордук-окутуучулар, илимий жетекчилер жана аспиранттар катышты.
Аземдин жүрүшүндө университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, алардын илимий жолундагы бул жетишкендиги чоң эмгектин жыйынтыгы экенин белгиледи. Ал жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо университеттин негизги багыттарынын бири экенин айтып, бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле илим жана инновация боюнча проректор, профессор Алмаз Атабеков жана илим, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Ильязбек Исаев куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, жаш окумуштуулардын өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүүдөгү орду өзгөчө экенин белгилешти.
Аземдин соңунда аспирантураны ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө сертификаттар тапшырылып, катышуучулар эстелик сүрөткө түшүштү.
Бул иш-чара аспиранттар үчүн маанилүү этап болуп, алардын мындан аркы илимий жана кесиптик өсүшүнө чоң түрткү берди.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текстВозможно, это изображение текст