Электрондук эсеп-фактураларды толтуруу боюнча практикалык лекция өтүлдү

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжинде экономикалык укуктук сабактар бирикмесинин студенттери үчүн көчмө лекция уюштурулду.
Иш-чарага ЖЧК “Асан Ата АГОнун” негиздөөчүсү жана башкы эсепчиси Майрамгул Асанбекова чакырылып, “esf.salyk.kg порталында электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) толтуруу боюнча кадамдык көрсөтмө” темасында кеңири маалымат берди.
Лекциянын жүрүшүндө студенттерге электрондук эсеп-фактураларды туура толтуруу, cabinet.salyk.kg порталы аркылуу бирдиктүү салык отчетун тапшыруу,
ишкананын жылдык бирдиктүү салык декларациясын даярдоо жана тапшыруу
сыяктуу практикалык көндүмдөр электрондук форматта көрсөтүлүп, мисалдар аркылуу түшүндүрүлдү.
Иш-чара активдүү талкуу менен коштолуп, ЭУС бирикмесинин башчысы Г.Калыбекова студенттерди суроо-жоопко чакырып, пикир алмашуу жүргүздү.
Жыйынтыгында конокко ыраазычылык билдирилип, атайын “Ыраазычылык кат” тапшырылды.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение учеба и текст
Возможно, это изображение учеба и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и текст