Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 28-апрель – Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата “Эмгекти коргоонун маселелери” аттуу окуу-семинар жогорку деңгээлде өттү.
Иш-чарага Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана төрайымдары, университеттин профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлери активдүү катышышты.
Окуу-семинарды ачып жатып, университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков катышуучуларды куттуктап, эмгекти коргоо ар бир мекеменин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору экенин белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ош облусундагы өкүлү, биология илимдеринин кандидаты, доцент Абсамат Саттаров сөз сүйлөп, эмгек коопсуздугун камсыз кылуу бүгүнкү күндүн маанилүү маселелеринин бири экенине токтолду.
Семинардын жүрүшүндө бир катар мазмундуу баяндамалар сунушталды. Юридика-экономикалык факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору Алмагул Көкөева “Кызматкерлердин укуктарын жана эркиндиктерин коргоо” темасында баяндама жасады.
Техникалык коопсуздук, эмгекти коргоо жана жарандык коргонуу боюнча бөлүмдүн башчысы Мейражидин Егембердиев “Өндүрүштөгү бөөдө-кырсыктарды териштирүү жана алдын алуу” маселелерине токтолду.
Ал эми юрист-кеңешчи Айнура Даминова “Эмгек кодексине ылайык эмгекти коргоо системасы” боюнча кеңири маалымат берди.
Ар бир баяндама суроо-жооп, талкуу менен коштолуп, катышуучулар өз пикирлерин билдирип, практикалык сунуштарын ортого салышты.
Иш-чаранын соңунда эмгекти коргоо маданиятын жогорулатуу, кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу жана мыйзамдык талаптарды так сактоо боюнча сунуштар айтылды.
Коммуникация жана медиа департаменти



