Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдык мааракесинин алкагында жана «Бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик күнү» утурлай Юридика-экономика факультетинин “Экономика, башкаруу жана социалдык иш” кафедрасы тарабынан «Санариптик экономикада бухгалтердик эсепти, аудитти өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги» аталышындагы илимий-методикалык семинар өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — санариптик трансформация шартында бухгалтердик эсеп жана аудит тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо жана алардын келечектеги өнүгүү багыттарын аныктоо болду.
Семинардын лектору — экономика илимдеринин доктору, профессор Мукаш Исраилов өз баяндамасында санариптик экономика доорунда бухгалтердик эсеп менен аудиттин ролу, жаңы талаптар, ошондой эле адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу маселелерине кеңири токтолду.
Иш-чарага КӨЭАУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков да катышып, экономист катары өзүнүн мазмундуу пикирин билдирди. Ал мындай илимий жолугушуулар билим берүү сапатын жогорулатууда жана практикалык тажрыйбаны бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, ардактуу конок Мукаш Исраиловго терең ыраазычылык билдирди.
Белгилүү окумуштуу М. Исраилов — мамлекеттик сыйлыктардын ээси, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бухгалтерлери жана аудиторлорунун Ысык-Көл форумунун президенти, жүздөн ашуун илимий макалалардын, бир нече монографиялардын жана окуу китептеринин автору. Ошондой эле ал ондогон экономика илимдеринин кандидаттары менен докторлорун даярдоого чоң салым кошкон.
Семинар жандуу талкуу менен өтүп, катышуучулар өздөрүнүн суроолоруна жооп алып, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Коммуникация жана медиа департаменти



