КӨЭАУнун ректору Кыргыз-Түрк университеттеринин диалогуна катышып, бир катар эл аралык макулдашууларга жетишти

28-апрель күнү Бишкек шаарында өткөн «Кыргызстан менен Түркия университеттеринин диалогу» аттуу эл аралык иш-чарага Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков катышты.
Аталган иш-чара жогорку билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, университеттер аралык түз байланыштарды чыңдоого жана биргелешкен илимий-билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга багытталды. Диалогдун алкагында катышуучулар тажрыйба алмашып, студенттер менен окутуучуларды алмашуу программаларын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө КӨЭАУ үчүн маанилүү болгон бир катар конкреттүү келишимдерге жетишилди. Тактап айтканда, университет ректору Абдилбает Мамасыдыков Түркиянын алдыңкы жогорку окуу жайлары — Жылдыз техникалык университети, Кастамону университети, Истанбул Гелишим университети жана Истанбул Медипол университети менен билим берүү жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууларга жетишти. Бул келишимдер академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүгө, биргелешкен программаларды ишке киргизүүгө жана тажрыйба алмашууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Мындан тышкары, Түркиянын Эл аралык «Маариф» фонду менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү багытында да макулдашуулар болду. Ага ылайык, «Сапат» лицейлеринин бүтүрүүчүлөрүн КӨЭАУга тартуу жана ошол эле учурда университеттин бүтүрүүчүлөрүн аталган лицейлерге жумушка жайгаштыруу боюнча биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу каралды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова да катышып, бул диалог эки өлкө ортосундагы билим берүү, илим жана инновация тармагындагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган маанилүү аянтча экенин белгиледи.
Жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын жогорку окуу жайларынын ортосунда илимий жана билим берүү долбоорлорун өнүктүрүүгө, түз байланыштарды чыңдоого жана академиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган жүздөн ашуун макулдашууларга кол коюлду.
Бул иш-чарага Кыргызстандан 32, Түркиядан 29 жогорку окуу жай катышып, жогорку билим берүүнү интернационалдаштыруу жана туруктуу өнөктөштүктү түзүү багытында олуттуу кадамдар жасалды.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек, толпа и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст "TÜRKİVE STUDY © BALRPAA se ಶ್న C GetAChanceTo Get To STUDY IN TÜRKİYE SAVE THE HE DATE 27 APRIL 2026 (urkish UNIVERSITY FAIR 2026 NU"