КӨЭАУ менен тыгыз кызматташкан мектеп мугалимдери сыйланды

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде аймактардагы мектеп мугалимдери менен жолугушуу уюштурулуп, аларды университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө ректор билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформалар тууралуу кеңири маалымат берип, мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашы менен куттуктады.
Ошондой эле университет менен мектептердин ортосундагы тыгыз кызматташтык өз жемишин берип жатканын белгилеп, активдүү иш алып барган мугалимдерге Ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Иш-чарага окуу иштери боюнча проректор, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева да катышып, университеттин бүтүрүүчүлөрү мектептерде мыкты мугалим, директор катары ийгиликтүү эмгектенип жатканын сыймыктануу менен белгиледи.
Бул жолугушуу КӨЭАУнун кабыл алуу комиссиясы тарабынан уюштурулуп, билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө багытталды.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек и отдел новостей
Возможно, это изображение один или несколько человек и отдел новостей
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст